Жаңылыктар

01.02.2025 14:12

   Кароолор: 242

"КАРАКОЛ" ЛЫЖА БАЗАСЫНА КУТКАРУУЧУЛАР КООПСУЗДУКТУ КӨЗӨМӨЛДӨӨГӨ ЧЫГЫШТЫ

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда саат 12:20 чамасында Каракол капчыгайында жайгашкан "Каракол" тоо лыжа базасынын канаттык жолунун (канатная дорога) 1 мамысы кулап, жарандар түшө албай калган.

Лыжа базанын техникалык тейлөө бригадасы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, адамдарды аман-эсен түшүрүп алышкан.

Буга кошумча жеринде коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөп, эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Каракол шаардык №15 ӨКБдан ыкчам топ жөнөтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

(Иллюстрациялык сүрөт колдонулду)

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу