Жаңылыктар

07.12.2024 11:08

   Кароолор: 223

"КАРАКОЛ" ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Кечээ, 6-декабрь күнү КР ӨКМдин Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тез жардам жана аэропорттун кызматкерлери менен биргеликте "Каракол" эл аралык аэропортунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Машыгуу өрт кырсыктарын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин биргелешип жоюуга багытталган келишимдин негизинде жүрүп, кызматтардын биргеликте иш алып баруусуна багытталды.

Ошондой эле куткаруучуларга өрт-тактикалык машыгуунун сценарийи боюнча бузулуп, учуучу тилкеден чыгып кеткен учактагы жарандарды эвакуациялоо жана өрт кырсыгын жоюу боюнча усулдук сабак өтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу