Жаңылыктар

13.03.2025 13:53

   Кароолор: 325

"ИШЕНИМ " ФРАКЦИЯСЫ КР ӨКМдин ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ЖОГОРУ БАА БЕРДИ

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ишеним" фракциясынын депутаттары КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ишмердүүлүгү менен таанышып, жүргүзүлүп жаткан иштердин абалына күбө болуп кеткен.

Фракция өкүлдөрү ӨКМдин акыркы жылдардагы ийгиликтерин жогору баалап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аларга ыкчам чара көрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча министрликтин кызматкерлери өз өмүрүн тобокелге салып, үзүрлүү эмгектенип жатканын белгилешти. Депутаттар куткаруучулардын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу, айлык маяналарын көтөрүү жана инфраструктуралык шарттарды өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгилешти.

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигиндеги министрликтин иши "Ишеним" фракциясы тарабынан жогору баага татыды. Депутаттар ӨКМдин натыйжалуу жана талыкпаган аракеттеринин натыйжасында өлкө боюнча куткаруу кызматтарынын деңгээли жогорулап жатканын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык стандарттарга шайкеш келүү аракеттерин жана INSARAG уюмуна кошулуу демилгесин колдоого алышты.

Фракциянын мүчөлөрү ӨКМдин ишин мындан ары да жакшыртуу үчүн парламенттин деңгээлинде колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Алар табигый кырсыктарды алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу үчүн бюджеттик каржылоону күчөтүү маселесин да көтөрүштү.

"Ишеним" фракциясы куткаруучуларга терең ыраазычылык билдирип, ӨКМдин ийгиликтерин андан ары арттырууга ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн убада кылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу