Жаңылыктар

20.06.2025 11:00

   Кароолор: 407

"ХИЖИНА РАЦЕКА" ЧОКУСУНАН ӨЗҮН ЖАМАН СЕЗГЕН ЧЕТ ЭЛДИК АЙЫМГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында 23 жаштагы М.В. аттуу Польша мамлекетинин жараны "Хижина Рацека" чокусунан түшүп келе жатып өзүн жаман сезип, абалы начарлаган.

Чет элдик айымга ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 4 куткаруучусу медициналык алгачкы жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн.

Андан соң Республикалык инфекциялык ооруканага жеткиришкен.

Эске салсак, ӨК министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жаратылыш паркына куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулган

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Куткаруучуларды Даярдоочу Мамлекеттик Борбору

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу