Жаңылыктар

02.05.2024 11:28

   Кароолор: 181

"ЭДЕЛЬВЕЙС" КУТКАРУУЧУЛАР ТОБУ "АЛЬПИНИАДА -2024" ИШ-ЧАРАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДАШТЫ

Өлкөбүздүн тоо туризмин өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн "АЛЬПИНИАДА-2024" аталышындагы салттуу эл аралык тоо жүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо борборундагы тоо куткаруучулар тобунан турган кошуун камсыздап жүрүштү.

Альпиниада 30-апрельден 1-май күндөр аралыгында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жүрүп, 4170 метр бийиктиктеги "Комсомол" чокусуна чыгууга 900 дөн ашык каалоочулар жана альпинистер катышты.

Тоо бийиктигин сүйүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого чыккан "Эдельвейс" куткаруучулар кошууну тоого чыгуу учурунда, ар кандай жеңил жаракат алып, тоо-таштан буту колун кокустатып жана артериалык кан басымы жогорулап жардамга муктаж болгон жалпы 31 жаранга медициналык жардам көрсөтүшүп, 20 адамга тоодон түшүүгө жардам беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу