Жаңылыктар
17.08.2024 12:58
Кароолор: 271
"ЭДЕЛЬВЕЙС "КУТКАРУУ КОШУУНУ “КОМСОМОЛЕЦ-ПИОНЕР” ЧОКУСУНА ЖҮРҮШ ЖАСАШТЫ
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоо куткаруу кошууну 2024-жылга карата окутуу мерчеминин негизинде, Ала-Арча жаратылыш паркындагы "Комсомолец-Пионер” чокусуна жүрүш жасашты жана тоо даярдыгы боюнча тажрыйбалык сабактарды өздөштүрүштү.
Куткаруучулар бийиктикте өзүн алып жүрүү, асканын бетине, муз баскан чокуларга чыгуу, тоодон куткаруу иштери, аска тоодо жабыркаган адамдарга куткаруу иштерине даярдык көрүштү.
Бийик чокуларга чыгуунун негизги максаты “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошуундун куткаруучуларын альпинизмге кызыктыруу, I даражадагы спорттук дээңгелге чыгаруу болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР