Жаңылыктар
17.09.2025 14:10
Кароолор: 453
"ЧЕК-2025" ЭЛ АРАЛЫК МАШЫГУУСУНДА ӨКМдин МОБИЛДҮҮ ГОСПИТАЛЫ ЖАЙЫЛДЫ
Кыргызстанда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин "Чек-2025" командалык-штабдык машыгуусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматынын мобилдүү госпиталы машыгуу талаасында жайылып, дарыгерлер менен камсыздалды.
Мобилдүү госпитал согуш талаасында, түрдүү табигый жана техногендик кырсыктарда жабыркагандарга ыкчам, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган.
Мобилдик госпиталда күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары 8 орундуу интенсивдүү терапия бөлмөсү жайгашкан.
«Чек-2025» эл аралык машыгуусу 17-20-сентябрга чейин өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин аскердик контингенттери, ЖККУнун Башкы катчылыгы жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышууда
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР