Жаңылыктар

20.09.2023 09:50

   Кароолор: 465

"БИЗДИН КААРМАН"

БАТКЕН: АР БИР КУТКАРУУЧУНУН ДИЛИ, ЖАН ДҮЙНӨСҮ КЫЙНАЛГАН УЧУРЛАР БОЛОТ

 

"БИЗДИН КААРМАН"

 

 

Абдраимов Сабыр Аширалиевич үй-бүлөдө камкор ата болсо, жумушунда мыкты кызматкер. Ал КР ӨКМдин Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында улук куткаруучу, авариялык куткаруу иштеринин нускоочусу болуп эмгектенет. Анын өжөрлүгүн, тайманбастыгын кесиптештери өзгөчө баалайт. Өткөн жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларында да анын көк жалдыгын көрүп, баа беришкен. Эмесе, каарманыбыздын жашоосу, максат тилеги тууралуу өз оозунан угалы.

Сабыр Абдраимов 1990-жылдын 25-майында Баткен шаарынын азыркы Кызыл-Жол кварталында туулган. Орто билимге ээ болгон соң Чек ара кызматында аскердик кызмат өтөөгө чакырылган.

“Мектепте окуп жүргөндө аскерден келген агалар менен көп сүйлөшчүбүз. Алар айткан сайын улам кызыгуум артып, мектепти аяктаган соң мен да жоокер болууну кыялдана баштадым. Айрыкча аскердик форманы кийүү мени ого бетер кызыктырды. Бул максатымды ата-эне, бир туугандарым да колдоого алып, ак батасын беришти”.

“Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында болот,-дегендей, аскердик турмуш биротоло менин кесибиме айланып калды. Ошентип, 2017-жылдын октябрь айында Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядына жумушка орношуп калдым. Алгач мага куткаруучулук кесип жат болгону менен, кызыгуумдун арты менен тез өздөштүрүп кеттим. Куткаруу шаймандарын колдонууда да көп кыйынчылык сезилген жок”.

“Аскердик кызмат адамды тыкан, так жана тартипке үйрөтөт эмеспи. Ал эми биздин жумушубузда ыкчам, кесипкөй болуу да талап кылынат. Ар кандай шартта куткаруу иштерине чыгуубуз мүмкүн. Сууга чөгүү, унаа кырсыгы же башка учурларда тилекке каршы, кубанып кайткан учурлар дээрлик аз кездешет. Мындайда, ар бир куткаруучунун жан дүйнөсү кыйналат”.

“Акыркы чек арадагы окуя баарыбыздын дилибизди, жан дүйнөбүздү ойготту. Мектеп партасында тааныган Ата журтубуздун ыйыктыгын, Мекенибиздеги тынчтыктын баркын сездирди. Буйрук берилер замат алгачкылардан болуп командирибиз менен кошо 4 кызматкер чек ара айылдарына кирдик. Алгач ызы-чуу, будуң чаң түшкөн аймакта түшүнүксүз сезимдер болуп жатты. Бирок бул абалдан чыгып, заматта МЕКЕН деген бир сөздүн кудурети, жигиттик намыс ойгонду”.

“Кадимки согуш талаасын өз көзүбүз менен көргөнгө ишене алган жокпуз. Чек арачылар менен кошо жумуш алып бардык. Өмүр менен өлүм арбашкан аймакта ок атуулардын гана үнү угулуп жатты. Эң кенже иним да бул убакта биз турган айылда согушта болчу. Эң оор учур, каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып чыгуу болду. Өкүнүчтүү... Эмне деген жаш өмүрлөр кыйылды...”

“Ата болуу оңой, аталык милдетти аткаруу кыйын,-дейт эмеспи. Анын сыңарындай, келинчегим экөөбүз 1 уул, 1 кызга ата-эне болдук. Буюрса, уулум эр жетип чоңойгондо аскердик кызматка сөзсүз жиберем. Анткени аскердик турмуш адамды инсан катары тарбиялайт. Мекенди сүйүү жана анын чыныгы кадырын түшүнүп жеткирет. Азыр балдарым жаш болгондуктан, кандай атамын билбейм. Бирок балдарга камкор ата, элибизге сыймыктуу уул болсок деген тилек менен жашайм. Келинчегим да ооруканада иштегендиктен, экөөбүз тең элге ак кызмат менен алкыш алсак дейбиз”.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу