Жаңылыктар

27.02.2024 10:46

   Кароолор: 444

"БИРИНЧИ КАДАМ" МЕДРЕСЕСИНДЕ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА САБАК ӨТҮЛДҮ

ӨКМдин адистери Бишкек шаарында жайгашкан Биринчи кадам медресесинин окуучуларына жана мугалимдерине коопсуздук эрежелерин камтыган атайы сабак өтүштү.

Окуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар тууралуу видеотасмалар көрсөтүлүп, окуучулар кырсыктын алдын алуу эрежелерин ошондой эле кырсык катталган учурдагы коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат алышты.

Ага катар адистер имараттын ичинен эвакуациялоо жолдорун, өрт кырсыгы катталган учурда алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонууну практика жүзүндө ар бир окуучуга көргөзүп беришти.

Иш чара ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жалпысынан 100 окуучу жана 2 мугалим катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу