Жаңылыктар

02.12.2024 09:37

   Кароолор: 677

"АРАЛ" ЖАНА "СОСНОВКА" ПОСТТОРУ АЧЫЛДЫ

Бишкек – Ош унаа жолундагы "Арал" жана "Сосновка" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 08:30да алынды.

Ошондой эле Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 82-чакырымындагы "Алим" оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайы саат 09:00дө тарта ачылды.

Белгилей кетсек, унаа жолдордо кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында посттор убактылуу жабылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу