Жаңылыктар

30.01.2025 22:26

   Кароолор: 725

"АРАЛ" ПОСТУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Бүгүн, 30-январда Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 22:20дан тартып (№23 ЖТИдин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилди.

Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу