Жаңылыктар

31.01.2025 10:07

   Кароолор: 383

"АРАЛ" ПОСТУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Бүгүн, саат 09:55да Бишкек - Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды.

Эскерте кетсек, 31-январда Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 22:20дан тартып (№23 ЖТИдин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу