Жаңылыктар
17.12.2024 11:05
Кароолор: 216
"АРАЛ" ПОСТУНДА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ
Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 17-декабрда саат 10:38де алынды.
Белгилей кетсек, унаа жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кечээ саат 18:30дан тартып (№23 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР