Жаңылыктар
09.01.2025 20:43
Кароолор: 408
"АРАЛ" ПОСТУНА КАЙРАДАН ЧЕКТӨӨ КИРДИ
Токтогул районундагы Бишкек - Ош унаа жолунун "Арал" постуна бүгүн саат 20:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чечим унаа жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №23 ЖТИдин сунушу боюнча кабыл алынды.
Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР