Жаңылыктар

09.11.2023 21:05

   Кароолор: 638

"АРАЛ" ПОСТУНА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек — Ош унаа жолунун 271-чакырымында жайгашкан "Арал" постуна кайрадан саат 20:55те оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

Ал эми 81-чакырым бөлүгүндө Төө-Ашуу "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө саат 13:45те алынды. Учурда жол каттамы ачык.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 10:00дө "Сосновкада", саат 11:40та "Арал" постуна кар жаагандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана жол тыгынын жаратпоо максатында оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу