Жаңылыктар
16.12.2024 18:35
Кароолор: 204
"АРАЛ" ПОСТУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАР ҮЧҮН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫК
Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 18:30дан тартып (№23 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чечим жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабылалынды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР