Жаңылыктар
30.12.2024 21:05
Кароолор: 218
"АРАЛ" ПОСТУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
Бүгүн, 30-декабрда Токтогул районундагы "Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 20:49дан тартып (№23 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чечим Бишкек - Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР