Жаңылыктар

09.01.2025 18:58

   Кароолор: 419

"АРАЛ" ПОСТУ АЧЫЛДЫ

Бишкек - Ош унаа жолунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөөлөр саат 18:40да алынды.

Белгилей кетсек, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” посту бүгүн саат 17:20дан тартып убактылуу жабылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу