Жаңылыктар
09.12.2024 10:04
Кароолор: 407
"АРАЛ" ПОСТУ АЧЫЛДЫ
Бишкек – Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 09:40та алынды.
Белгилей кетсек, Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 8-декабрда саат 03:00дөн тартып (№23 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР