Жаңылыктар

09.08.2025 18:45

   Кароолор: 33

"АЛАМЕДИН" БАЗАРЫНЫН ӨРТКӨ КАРШЫ ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Пландан тышкаркы текшерүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басары Руслан Турдумамбетов, Өрт коопсуздугу боюнча башкы инспектор Жеңишбек Букаров жана "Аламедин базары" жоопкерчилиги чектелген коомунун өрт коопсуздугу боюнча жооптуу өкүлү Мирлан Нуркамилов чыкты.

Анда базардагы соода борборлору, өрт өчүрүүчү өздүк унаасы, тамактануучу жана унаа токтотуучу жайлар текшерилди.

Натыйжада аталган базардагы айрым объектилерде автоматташтырылган сигнализациянын жоктугу, алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын жетишсиздиги, гидранттын кароосуз абалда тургандыгы жана башка бир катар бузуулар бар экени аныкталды. Аларды жоюу боюнча эскертүү актыларын түзүү каралып, кемчиликтерди четтетүүгө бир айлык мөөнөт берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу