Жаңылыктар
06.05.2025 12:45
Кароолор: 177
"АЛА-АРЧА" УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДА КУТКАРУУЧУЛАР ТОБУНА КАЙРЫЛЫҢЫЗ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында эс алуу күндөрү туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн куткаруучулар тобунан нөөмөт уюштурулду.
Тагыраагы, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан атайын куткаруу тобу жана фельдшер кызматкери жаратылыш коругунда элдин коопсуз эс алуусун камсыз кылмакчы.
Май майрамдарында эс алуучулардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, күтүлбөгөн кырдаалдарга жана жаракат алуу учурларына ыкчам чара көрүү зарылдыгы жогору.
Андыктан куткаруучулар күнүмдүк нөөмөттө болуп, май айындагы эс алуу күндөрү аяктаганча коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, багыт көрсөтүү жана зарыл учурда куткаруу иштерин жана ыкчам медициналык жардам көрсөтөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кооз жерлеринде эс алып жаткан жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого жана от жакпоого чакырат жана кандай гана кырдаал болбосун 112 кыска номери аркылуу кайрылууга болорун эскертет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР