Жаңылыктар

30.06.2025 18:39

   Кароолор: 28

"АК-ШУМКАР - 2025" ЭЛ АРАЛЫК БИРГЕЛЕШКЕН МАШЫГУУ РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган Жарандык коргонуу боюнча “Ак-Шумкар – 2025” эл аралык машыгуусу расмий жыйынтыкталды.

Министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жетекчилиги алдында өткөн бул машыгуу 2025-жылга Жарандык коргонууга даярдык планынын алкагында 23-июнда башталып, 27-июнда жыйынтыкталды.

Расмий жыйынтыктоо иш-чарасында сөз сүйлөгөн генерал-майор Бообек Ажикеев машстабдуу өзгөчө кырдаалдарга жана техногендик кырсыктарга каршы турууга күжүрмөн даярдыкты күчөтүү, куткаруучулардын тажрыйбасын бийик деңгээлге жогорулатуу үчүн эл аралык биргелешкен машыгуулардын мааниси чоң экенин белгиледи.

КДМБдун машыгуу талаасында болгон практикалык иш-чаранын сценарийи боюнча Чүй облусунун аймагында эпицентринде 8 балл жер титирөө катталып, анын кесепеттерин аныктоо, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, жаракат алган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү даярдыгына баа берилди.

Биргелешкен машыгууга КР Коргоо министрлигинин, КР Чек ара кызматынын бөлүмдөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын, АКШнын Улуттук гвардия бюросунун, Батыш Вирджиния штатынын Улуттук гвардиясынын (аба бөлүгү) өкүлдөрү катышты.

“Ак-Шумкар - 2025”машыгуусу ӨКМдин эл аралык өнөнтөш уюмдардын жана чет элдик кесиптештер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө дагы салым кошмокчу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу