Жаңылыктар

12.06.2024 17:03

   Кароолор: 278

"АЙДООЧУ, АТАЙЫ УНААГА ЖОЛ БОШОТ!" БИШКЕКТЕ МАЯК РЕЙДИ ӨТҮҮДӨ

Өмүр үчүн күрөшүп, өрт өчүрүүгө шашып, куткарууга бара жаткан унааларга айдоочулар жол бошотуп бербеген учурлар аз эмес. Ар бир мүнөт эмес, секунд маанилүү болуп турган кыйчалыш абалда жолдогу тыгын, айрым айдоочулардын жол бошотпой кайдыгер мамиле кылганы көйгөйдү жаратпай койбойт.

Мындай көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында 10-июндан тарта Бишкекте "Маяк" аталышындагы рейд өттүүдө.

Ал эми 13-июнь күнү ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы менен биргеликте уюштурулган бул иш-чарада борбор калаанын бир катар көчөлөрүнө атайы унаалар чыгарылды.

Тагыраагы өрт өчүрүүчү (күжүрмөн эсеп) жана штабдык унаалар ЖКККББнын унааларынын коштоосунда жүрдү.

Рейд учурунда жол бошотпогон унаалар токтотулуп, жеринде протокол түзүлдү. Ага катар КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, эгерде автотранспорт каражаттарынын айдоочулары үн жана жарык сигналдары бар атайы кызматтык унааларга жол бербесе айдоочуга 10 000 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Белгилей кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Бишкек шаарында 2024-жылдын 10-14-июнуна чейин "Маяк" рейди жүрө тургандыгы тууралуу кабарланган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу