Жаңылыктар

02.06.2024 11:36

   Кароолор: 393

"АДАЛ АЗЫК – ТОЙБОС" ИШКАНАСЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары атайын пландын негизинде Кочкор айылында жайгашкан "Адал азык – Тойбос" мал союучу ишканасында өрт тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Машыгуунун жүрүшүндө ишканадагы кызматкерлерге өрт кырсыгы жана башка табигый кырсыктар катталган учурларда имараттан адамдарды туура эвакуациялоо жолдору үйрөтүлдү.

Мындан сырткары алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарын туура колдонуу жана алгачкы жардамды туура жасоо ыкмасы көрсөтүлдү.

Өрт-тактикалык машыгууга Кочкор району боюнча ӨКБдөн 18 кызматкер, тез жардам кызматынан 3 кызматкер, ошондой эле ишканадан 31 кызматкер катышышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу