Жаңылыктар

14.03.2024 16:50

   Кароолор: 886

"161" БИШКЕК КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНА ЖАҢЫ ШАЙМАНДАР ТАПШЫРЫЛДЫ

13-март күнү ӨКМдин "161" Бишкек куткаруу кызматына атайы куткаруу шаймандары тапшырылды.

Буга чейин өлкөнүн казынасынан 35 млн сомго алынган куткаруу шаймандарынын ичинен 20 орунду эки чатыр, 4 жарык берүүчү каражат, заманбап “Holmatro”авариялык-куткаруу шайманы, кескичтер, балкалар жана автономдук жылыткычтар министрлик тарабынан бөлүнүп берилди.

Мындан сырткары Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражатка суучулдардын кийимдери, үйлөмө кайык, байланыш каражаттары, куткаруучулардын машыгуусу үчүн спорттук шаймандар да алынган.

Расмий тапшырууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов жана Куткаруу кызматынын өздүк курамы катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу