Жаңылыктар
25.01.2025 12:50
Кароолор: 404
9450 м3 КАР КӨЧКҮСҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮЛДҮ
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ӨКМдин ыкчам тобу жана КР Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иштерин Бишкек – Ош унаа жолунун 255-чакырымында аткарышты.
Бүгүн бул тилкеде саат 12:30дан 12:57ге чейин 9450 м3 кар көчкүнү түшүрүп, унаа жолго жеткен эмес. Жумушчу топ жолдун 250-чакырымындагы Казы-Жар тилкесине жөнөп кетишти.
Белгилей кетсек, кечээ Чүй облусунун аймагында 132-133-134-135чи жана 198-чакырымдарында кар көчкүсү мажбурлап түшүрүлдү. Анын жалпы көлөмү 13 220 куб метрди түзгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР