Жаңылыктар

12.03.2024 09:28

   Кароолор: 374

620 ОКУУЧУГА ӨРТ КООПСУЗДУГУ ПРАКТИКА ЖҮЗҮНДӨ КӨРСӨТҮЛДҮ

620 ОКУУЧУГА ӨРТ КООПСУЗДУГУ ПРАКТИКА ЖҮЗҮНДӨ КӨРСӨТҮЛДҮ

 

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи май районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан №75 мектеп- гимназиясында “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлдү.

Эвакуация жана өрт коопсуздугу боюнча окуучуларга жана мугалимдерге кеңири маалымат берилип, өзгөчө кырдаал жана түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери менен таанышып, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен колдонуу практикалык негизде үйрөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө имараттан окуучулар эвакуцияланып, жалпы 620 окуучу жана 22 мугалим катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу