Жаңылыктар
05.11.2025 18:55
Кароолор: 242
6-НОЯБРГА КҮТҮЛГӨН АБА ЫРАЙЫ
Эртең, 6-ноябрда Ысык-Көл жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде үшүк жүрүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 0 ... +5, Талас жергесинде 0... +5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +5... +10, Ысык-Көлдө +1 ... +6, Нарында 0... +5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы +2... +4 градус болот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР