Жаңылыктар
12.12.2023 10:05
Кароолор: 284
59 ЖАШТАГЫ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨГӨ 11 КУТКАРУУЧУ ЧЫКТЫ
Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жылтыр 115 тилкесинин 59 жаштагы А.С. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин “101” кызматына туугандары билдиришкен.
Мындан улам кечээ, 11-декабрда Кемин райондук ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу издешкен.
Ал эми бүгүн кайрадан жогоруда аталган бөлүктөн 11 куткаруучу 3 милиция кызматкери менен биргеликте жел кайык, дрон аппараты менен издөөгө чыгышкан.
Учурда алар агын суунун жээктеринен жана талаалардан издешүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР