Жаңылыктар
13.12.2023 11:53
Кароолор: 350
59 ЖАШТАГЫ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА
Бүгүн, 13-декабрда таң эрте Кемин райондук ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен кайрадан 11 куткаруучу жел кайык, дрон аппараты менен издөөгө чыгышты. Учурда алар агын суунун жээктеринен жана талаалардан издешүүдө.
Эске салсак, Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жылтыр 115 тилкесинин 59 жаштагы А.С. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин “101” кызматына туугандары билдиришкен.
Издөө иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР