Жаңылыктар

15.09.2023 09:34

   Кароолор: 617

5-октябрь - Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн бир айлыгы жарыяланды

Борбор калаанын билим берүү мекемелери кандай даярдыктан өтүшөт?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата бир айлыгын жарыялады. Анын алкагында республика боюнча жер-жерлердеги билим берүү мекемелеринде табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билимди, маалыматты жана тажрыйбаны жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу максатында иш-чаралар өткөрүлөт.

Жарыяланган бир айлыкка карата 14-15-сентябрь кундөрү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Э. Алиев атындагы ИИМдин Академиясында “Өрткө каршы коопсуздук”, "Биринчи жардам", “Өрт өчүрүүчү каражатты колдонуу" темаларында сабактар өткөрүлдү. Аталган окууга 119 курсант жана мугалимдер катышты.

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата ошондой эле Биринчи май райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде "Эвакуация" темасында жана Жарандык коргонуу жаатында студенттерге, мугалимдерге маалымат беришип, ал практикалык негиздеги машыгуу менен коштолду.

Ал эми Октябрь райондук ӨКБнүн №5 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө 8-9-класстардын окуучулары үчүн “Ачык эшик күнү" уюштурулду. Анда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №14 жалпы билим берүү орто мектебинин 50гө жакын окуучусу өрт өчүрүүчү жаңы унаа, куткаруу шаймандары жана өрт өчүрүүчү кесип ээлеринин бир күндүк жашоосу менен кенен тааныша алышты.

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери №59 орто мектебинин окуучуларына, мугалимдерине өзгөчө кырдаал катталган учурда өз убагында эвакуациялоо боюнча машыгуу өткөрүштү. Ошондой эле ӨКМдин кызматкерлери алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу эрежелерин көрсөтүп, жарандык коргонуунун уюштурулушу ага катар өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум ыкмалары боюнча практика түрүндө машыгуу өткөрүштү. Машыгууга жалпы 650 адам катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу