Жаңылыктар
05.05.2025 09:47
Кароолор: 102
5-МАЙ — ЭЛ АРАЛЫК СУУЧУЛДАР КҮНҮ
5-МАЙ — ЭЛ АРАЛЫК СУУЧУЛДАР КҮНҮ
5-май— Эл аралык суучулдар күнү.
Дал ушул күнү 1882-жылы Орусиянын императору Александр III буйругу менен дүйнөдө бир жолу "Суучулдар мектеби" Кронштад шаарында түзүлгөн.
Көп убакытка чейин Европадагы суучулдар Кронштаддагы суучулдардын мектебине барып окуусу бийик бааланчу.
Дүйнөдө эң кооптуу кесиптердин бири болгон суучулдар аба ырайынын түрдүү шартында, күн-түнгө карабай суу астына түшүүгө туура келет. Бул кесиптин ээлери чыдамкай, сабырдуу жана ден-соолугу бекем болушу шарт.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдар кызматы 2009-жылы 18-декабрда Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору жыл сайын 150дөн ашык Суучулдарды жана 400гө чукул Сууда куткаруучулары даярдап келишет.
Суучулдар кызматы өлкөдөгү чакан ГЭСтерде суу алдындагы иштерди жүргүзүп келишет
Жыл сайын Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна (МОГО) кирген суучулдар Ысык-Көлдө тажрыйба алмашып келишет.
Тилекке каршы көлгө, агын сууларга, дарыяларга, көлмөлөргө чөгүп кеткен жарандарды суу астынан чыгарып келишет. Ошондой эле суу ажалына арачы болуп, канчалаган өмүрлөрдү да сактап калган учурлар аз эмес.
Бүгүнкү күндө Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүшүүдө.
5-май — Эл аралык суучулдар күнү менен КР ӨКМдин жалпы суучулдар жамаатын бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР