Жаңылыктар

05.05.2024 09:59

   Кароолор: 270

5-МАЙ — ЭЛ АРАЛЫК СУУЧУЛДАР КҮНҮ

🔵5-МАЙ — ЭЛ АРАЛЫК СУУЧУЛДАР КҮНҮ

 

5-май— Эл аралык суучулдар күнү.

Дал ушул күнү 1882-жылы Орусиянын императору Александр III буйругу менен дүйнөдө бир жолу "Суучулдар мектеби" Кронштад шаарында түзүлгөн.

🔹️Көп убакытка чейин Европадагы суучулдар Кронштаддагы суучулдардын мектебине барып окуусу бийик бааланчу.

Дүйнөдө эң кооптуу кесиптердин бири болгон суучулдар аба ырайынын түрдүү шартында, күн-түнгө карабай суу астына түшүүгө туура келет. Бул кесиптин ээлери чыдамкай, сабырдуу жана ден-соолугу бекем болушу шарт.

🔹️КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдар кызматы 2009-жылы 18-декабрда Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн.

🔹️Бүгүнкү күндө Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору жыл сайын 150 ашык Суучулдарды жана 400 чукул Сууда куткаруучулары даярдап келишет.

🔹️Суучулдар кызматы өлкөдөгү чакан ГЭСтерде суу алдындагы иштерди жүргүзүп келишет

🔹️Жыл сайын Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна (МОГО) кирген суучулдар Ысык-Көлгө келишип, тажрыйба алмашып келишет.

🔹️Тилекке каршы көлгө, агын сууларга, дарыяларга, көлмөлөргө чөгүп кеткен жарандарды суу астынан чыгарып келишет. Ошондой эле суу ажалына арачы болуп, канчалаган өмүрлөрдү да сактап калган учурлар аз эмес.

🔹️Бүгүнкү күндө Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүшүүдө.

5-май — Эл аралык суучулдар күнү менен КР ӨКМдин жалпы суучулдар жамаатын бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу