Жаңылыктар
02.10.2023 16:51
Кароолор: 105
5 күжүрмөн эсеп тартылган өрт чектөөгө алынды
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жалпсынан 5 күжүрмөн эсеп, штаб жеринде иштеп жатышат.
Мындан сырткары жерине ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада тартылган. Ошондой эле учурда өрт өчүрүүчүлөргө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери да жеринде иштешүүдө. Буга кошумча Бишкек шаардык суу чарба кызматынан суу ташуучу 2 унаасы иштеп жатат.
Маалыматка ылайык кабат-кабат жыйылган дөңгөлөктөрдөн чыккан тилсиз жоо саат 16:02де чектөөгө алынды. Учурда өчүрүү иштери жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР