Жаңылыктар
06.11.2025 17:11
Кароолор: 283
4–6-НОЯБРЬ КҮНДӨРҮ ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫН БААЛОО ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
КР Президенти – Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаровдун 2025-жылга карата Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндө Жарлыгына ылайык, 4–6-ноябрь күндөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык коргонуу абалын баалоо иш-чаралары өткөрүлдү.
Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болгон бул иш-чаранын негизги максаты — Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун ишмердүүлүгүн баалоо аркылуу ЖК кызматтарынын өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган же катталган учурда ыкчам, так жооп кайтаруу жөндөмүн чыңдоо болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР