Жаңылыктар
03.11.2025 18:02
Кароолор: 60
4-НОЯБРГА КҮТҮЛГӨН АБА ЫРАЙЫ
Эртең өлкө аймактарында жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3 ... +8, Талас жергесинде +1... +6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2... +7, Ысык-Көлдө +6 ... +11, Нарында +3... +8 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында жамгыр жаап, абанын табы +3... +5 градусту түзөт.
Мындай аба ырайында жаныңызга кол чатыр алып, жылуу кийинип жүрүңүз. Тоо жолдорунда сак болуп, тайгак жана нымдуу жолдордо унааңыздын ылдамдыгын азайтып айдаганыңыз оң.