Жаңылыктар
22.12.2023 13:38
Кароолор: 389
38 ЖАШТАГЫ АДАМ ИЗДЕЛҮҮДӨ
22-декабрда таң эрте 38 жаштагы адамды издөө иштерин улантууга Кара-Суу райондук ӨКБдан 10 куткаруучу тартылган.
Буга кошумча издөө иштерине аталган райондогу №25 ӨКБдан 10 куткаруучу, Алай РИИБнен 1 милиция, айыл аймактан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам, бүгүн жалпысынан 32 адам жөнөтүлгөн.
Эске салсак, Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айылынын 38 жаштагы А.И. аттуу тургуну (эркек киши) 19-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги жана айыл аралап аккан каналга түшүп кетүүсү мүмкүндүгү тууралуу маалымат "102" кызматынан 21-декабрь күнү түшкөн.
Мындан улам 24 куткаруучу, РИИБ кызматкерлери, тургундар кечээ издөө иштерин аткарып, натыйжа болгон эмес.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР