Жаңылыктар
31.08.2023 09:00
Кароолор: 237282
31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн майрамына карата Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өз куттуктоосун жолдоду
31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн майрамына карата Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өз куттуктоосун жолдоду
Урматтуу кыргызстандыктар!
Ата Мекен, Ата Журт үчүн ак кызматын кылган куткаруучулар!
Сиздерди эгемендүү Кыргыз мамлекети түзүлгөн улуу күн менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Бүгүн Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 3000 жылдан ашуун тарыхында жаңы гана телчигип келе жаткан өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык маарекесин белгилеп жатабыз. Айтканга оңой болгон өлкөнүн 32 жылы өзүнө кыска тарыхты, ары түйшүктүү, ары ийгиликтүү күндөрдү жана да мамлекетти көтөрүүгө болгон эмгекти, далай аракетти камтыды.
“Кулаалы таптап, куш кылган. Курама жыйып, журт кылган”, - деген Манас эпосунда айтылган саптар мамлекеттүүлүктүү, эгемендүүлүктүү түптөө мезгилине кыргыз элине керээз катары айтылгандай.
Эгемендүүлүк кыргыз элине эркин көз карашты, эркин ой жүгүртүүнү алтургай, жаңы мүмкүнчүлүктөргө катар жаңы сыноолорду да тартуулады. Аны шары менен жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, элдин жашоосун жакшыртууга кеңири жол ачылды.
Кымбаттуу куткаруучулар!
Бүгүн эркин көз караштагы жаштардын катары өсүп, ааламдашуу агымына кошулууга, технология, индустрия жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү менен өлкөнү заманбап өнүгүү жолуна чыгарууга мамлекет тарабынан олуттуу иштер жасалууда.
Кыргызстандыктардын эң башкы байлыгы – эркиндик, эгемен өлкө, мамлекеттик башкы символдор, эне тил, географиялык аймак. Айрым элдерде мына ушундай элдүүлүктү тааныткан байлык да, бакыт да жок! Ал эми айрымдары жок болуп, тарых барактарында гана жазылып кала берди.
Андыктан өлкөбүздүн көз карандысыздыгын туу тутуп, өлкөнү өнүктүрүүгө ар бир жаран өз салымын кошуп, Кыргызстан элдеринин улуттар аралык ынтымагын сактап, маданий баалуулуктарын көбөйтүп, ынтымакта жашайлы.
Урматтуу, адам өмүрүн биринчи орунга койгон куткаруучулар!
Кыргыз куткаруучулары ажалдан кайра тартпаган баатырдыгы, бет келгенин беттеген көк жалдыгы, жоого кирсе жан аябай салгылышкан эр мүнөздүгү, кырсык каптап ажал оозунда турган адамга жашоо шамын тартуулаган кызуу кандуулугу менен канатташ жашаган коңшу каганаттарга алмустактан таанымал эл. Андыктан куткаруучулар эл камында болуп, жүрөгүбүздө сактоо, коргоо, жардам деген сезимдерди түйө билели!
Ар бирибиз атуулдук ариетибиз, ар-намысыбыз менен Мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын бекемдеп, түндүгүн бийик көтөрөлү! Кыргызстаныбызда тынчтык болуп, Эгемендүүлүктүн байрагы бийик желбиресин!
СИЗДЕРДИ УРМАТТОО МЕНЕН БООБЕК АЖИКЕЕВ
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР