Жаңылыктар
26.08.2024 17:34
Кароолор: 323
30 ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮН ЭЛИНЕ АРНАГАН КУТКАРУУЧУ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, куткаруучу, полковник Качикеев Рашид Масалбекович ардактуу эс алууга узатылды.
Ал кесиптик жолун 1995-жылдан баштап, ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына чейин үзүрлүү эмгектенип келген.
Ардагер эл үчүн өтөгөн 30 жыл аралыгында өзүнүн кесипкөй чеберчилигин көрсөтүп, куткаруучуларга үлгү болуп, кадыр-баркка ээ болгон.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР