Жаңылыктар

18.08.2023 16:39

   Кароолор: 620

3 күжүрмөн эсеп тартылган өрт толугу менен өчүрүлдү

Борбор калаада таң эрте чыккан өрт саат 10:42де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоо кучагына алган аянт болжол менен 600 чарчы метрди түздү.

Бактыга жараша бүгүнкү өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Ленин районунун Муромская көчөсүндө барак тибинде салынган имараттын ичиндеги нан бышыруучу жана жыгачты кайра иштетүүчү цехтерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу