Жаңылыктар

21.08.2023 17:47

   Кароолор: 707

3-кичирайондогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча, 3-кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн 2 кабатынан жарылуу болуп, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган.

Алардын аракети менен өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн 1 адам каза болгон, ал эми жабыркагандар такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу