Жаңылыктар
23.09.2023 09:07
Кароолор: 12170
23-СЕНТЯБРЬ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ
23-СЕНТЯБРЬ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ
Жалпыңыздарды улуттун баа жеткис байлыгы болгон кыргыз тил майрамы менен куттуктап, биздин жигердүү кызыбыз Жыпар Кутпидиновадан эне тилге арналган ыр болсун.
Мен тааныган дүйнө,жашоо,аруулук.
Мени дагы эне тилде тааныган.
Энчиленген бактым,багым,байлыгым.
Эне тилим,ар намысым табылгам.
Эрктүүлүгүм,эркиндигим,бейпилим.
Бак тааалайым өзүң менен куралган.
Эне тилде сырым айтып,ыр жазып.
Көөнө тарых өзүң менен уланган.
Өргө жылып, өркүндөйлү алгалап.
Өнүп өссүн өлкөм эне тил менен .
Ийгиликтуу болуп ар бир кадамдар,
Өнүгөлү аппак таза дил менен.
Куткаруучу кол сунган ар бир жардамың тарых.
БООРДОШУМ — КУТКАРУУЧУМ
Жалындаган жаштыгыңдын ирмеми,
Жалын-өрттө, жарда, сууда өткөндүр.
Жараатыңды өзүң гана дарылап,
Жанган үмүт далай күйүп өчкөндүр.
Куткаруучум, куттуу үйгө түнөбөй,
Күнү-түнү күчүң алган суудасың.
Жеңиш – сага адамдардын алкышы,
Жан сактоодо жанга берген суудайсың.
Тилсиз жоонун тилин таап өчүрүп,
Тизгини жок өлүм менен курөшкөн.
Куткаруучум, кымбат сага бул – өмүр,
Кыйын дагы от-суу менен күн көргөн.
Амандыгың тилеп жатып ата-энең,
Арзып тапкан жашоодогу жубайың.
Өмүрүңдү мүнөт сайын тилешип,
Тартса керек сени менен убайым.
Куткаруучум, Кудайымдан кийинки,
Табияттын кырсыгынан коргогон.
Алга баатыр,тилеги бир коргоочу,
Ата Журтуң алакан чаап колдогон.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР