Жаңылыктар
21.03.2024 10:03
Кароолор: 1784
21-МАРТ – ЭЛ АРАЛЫК ТОКОЙ КҮНҮ ӨКМге КАРАШТУУ ТОКОЙ КЫЗМАТЫ БОЗ-БӨЛТӨК ТООСУНА КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ
21-МАРТ – ЭЛ АРАЛЫК ТОКОЙ КҮНҮ
ӨКМге КАРАШТУУ ТОКОЙ КЫЗМАТЫ БОЗ-БӨЛТӨК ТООСУНА КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ
Бүгүн, ӨКМге караштуу Токой кызматы тарабынан Чүй облусундагы “Фрунзе” токой чарбасынын аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тилкесинде 200 даана көчөт (50 даана – липа, 50 даана – ак чечек, 50 даана – катальпа, 50 даана – чынар терек ) отургузулду.
Иш-чара Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнө жана 21-март – Эл аралык токой күнүнө карата уюштурулду.
Ага Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Токой кызматынын директору Стамбек Исмаилов жана кызматкерлер катышты.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов: “Дүйнөдө климаттын өзгөрүшү жыл сайын табигый кырсыктардын өсүшүнө жана табигый баланстын тең салмактуулугунун сакталышына өз кедергисин тийгизип жатканын тана албайбыз. Адамзат жаратылыш кырсыктарынын астында алсыз экени да белгилүү. Бирок анын алдын алууда адам баласы жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуу менен калыбына келтирүү жумуштарын жасоо колубуздан келет. Андыктан сиздердин чырпык тигип, чынар кылып жатканыңыздар эртеңки келечектин камын көрүп жатканыңыздар”-, деп баса белгиледи
Белгилей кетсек, иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун (ФАО) долбоорунун алкагында уюштурулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР