Жаңылыктар
25.01.2025 12:31
Кароолор: 404
19110 м3 КАР КӨЧКҮСҮН МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮШТҮ
Бишкек – Ош унаа жолунун 250-чакырымында Казы-Жар тилкесинде кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү иштерин аткарышкан.
Натыйжада көлөмү 19110 м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен эмес. Коопсуздандыруу ишине ӨКМ ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинен артиллериялык эсеп чыккан.
Ушундай эле иш-чара 247-чакырымындагы Көчкүлүү-Булак тилкесинде да аткарылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР