Жаңылыктар

29.06.2024 12:18

   Кароолор: 240

180 АДАМДЫ ДАРЫЯДАН ӨТКӨРҮП, КООПСУЗ АЙМАККА ЖАЙГАШТЫРЫЛУУДА

(Саат 11:50гө карата маалымат)

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 130 куткаруучу, 3 экскаватор, 2 самосвал, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, 7 самосвал, 3 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор 1 кран, жергиликтүү тургундардар 120 адам, жалпы 320 кызматкер, 20 инженердик техника тартылган.

Жеринде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды координациялоо үчүн КР ӨК министринин орун басарлары Акылбек Мазарипов, Эделбек Кулматов жөнөп кетишкен.

Мындан сырткары куткаруучулар тарабынан Апшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу максатында тактайлардан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өтүп, коопсуз жерге көчүрүү иштери жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу