Жаңылыктар
19.12.2024 09:17
Кароолор: 289
18-декабрь – Суучулдар кызматынын күнү
СУУЧУЛДАРДЫН СУУ АЛДЫНДАГЫ ЭРДИГИ ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА
КЫЗМАТ 15 ЖЫЛ МУРДА ТАРЫХ БАРАГЫН АЧКАН
Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, флора-фаунасын өнүктүрүүгө салым кошкон Суучулдар борборуна бүгүн 15 жыл толду. Ошол мезгилдеги бийлик башчысынын “Улуттук коопсуздук Концепциясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде 2009-жылдын 18-декабрында суучулдар кызматын түзүү тууралуу Өкмөттүн токтому жарыяланган. Ошентип Суучулдар кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында өз ишмердүүлүгүнүн алгачкы барагын 15 жыл мурда ачкан. Кийинки жылы аталган кызмат Алмабек Айдакеевдин жетекчилигинде 3 суучул менен өз ишин баштайт.
Эл үчүн жасаган эмгек жерде калбаса керек... Дегеним, кызматты жандандыруунун башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп турган Камчыбек Ташиев демилгелеген. Анын эмгеги менен түзүлгөн азганакей топтон турган суучулдар кызматы бүгүн ӨКМдин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору деп аталып калды.
Баарына белгилүү болгондой, борбор көл акваториясынын тазалыгын, экочөйрөсүн жакшыртуунун үстүндө. Көл үстүндөгү климаттын татаалдыгына карабай, суучулдар ар дайым кызматта. Жайкысын суу объекттеринде кырсыкка кабылган адамдардын сөөгүн издешет. Дүйнөлүк эрежеде агыны катуу сууга кирүүгө мүмкүн болбосо да, айрым учурда адамгерчилик деген бийик сезим менен өз өмүрүн тобокелге салып шар сууларга киришет. Кимдир бирөөнө кызматтык милдет катары сезилген менен суучулдун өзүнүн издөө, иштөө эрежелери бар. Бул эрежелер дүйнө стандарттарында да каралган.
СУУЧУЛДАР ЭСКИ КИЙИМДЕРДИ СУРАШТЫРЫП ЧОГУЛТУШКАН
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында кесип катары жок болуп бара жаткан кызмат кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп, кыйынчылыкты жон териси менен сезишкен. А кезде суудагы техникалык иштерди аткарууга суу шаймандары, кийимдери да жок эле. Суучулдардын айтымында, кызматты жаңы баштагандар суудагы издеп куткаруу иштеринде кийчү кийимдерди тааныштарынан сурап чогултушкан. Эски кийимдерди таап, өздөрү жамап-жазгап, чаптап алышчу. Антпесе сууга кире алышпайт. Ал тургай бирин-экин сууга кийчү кийимдерин издөөгө чыгышканда суучулдар кезектешип кийген күндөрдү башынан өткөрүштү. Суу өткөрбөөчү кийимдер абдан кымбат болгондуктан, сатып алууга ошол мезгилде министрликтин чамасы чакталуу эле.
“Жаңы түзүлгөн жылдар оор болду. Элестетиңиз кайык тургай суу өткөрбөөчү кийим жок. Алгач үч эле адам менен 2010-жылы суу шаймандарынын тартыштыгына карабай иштей баштадык. Биринчи жолу май айында “Токтогул” суу сактагычында сууга түшүп кеткен адамды издедик. Көл айланасындагы пансионаттарда суучул-куткаруучулар жок эле. Азыр көл жээгин, акваторияны караган суучул-куткаруучуларды окуткан борборго айланышты”, - деген Алмабек Айдакеев кызматтын алгачкы жылдарындагы шаймандардын тартыштыгын, түптөлүү тарыхын да айта кетти. Анын айтымында, жетекчиликтин уюштуруучулугу менен кыска аралыкта ӨКМдин Суучулдар борбору кеңейип, дүйнөлүк аренага кеңири кулачын жайды.
БИЛИМ БЕРҮҮ...
БОРБОРДУН ТАРЫХЫНДА АЛГАЧКЫ БАРОКАМЕРА АЛЫНДЫ
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев суучулдарды өнүктүрүү, заманбап шаймандар менен жабдуу, көл үстүндө жүрүүчү моторлуу кайыктар, куткаруу шаймандары, кийимдер менен камсыздоо аракетин көрүүдө. Алсак, үстүбүздөгү жылы борбордун тарыхында биринчи жолу суучулдардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоочу барокамералуу болушту.
Сабыржан Аламанов жетектеген бүгүнкү борбор министрдин демилгеси менен Ысык-Көлдүн өзүнө көчүрүлгөн. Анда медициналык комплекс, суу транспорттук бөлүмдөрү кошо ачылды.
Суу астында ширетүү, кесүү сыяктуу бир катар техникалык иштердин бардык комплексин жүзөгө ашыруучу, гидротехникалык курулмалардын, плотиналардын суу астындагы бөлүктөрүн күтүү жана оңдоону жүзөгө ашыруучу «суучулдук бизнеси», «суудан куткаруу иши» адистиги боюнча билим берүүгө адистешкен мамлекеттик көп тармактуу мекеме. Кыргызстандын акваторияларында, суу сактагычтарында куткаруу, авариялык оңдоо жана башка жумуштарды аткарышат.
Жыл сайын көл жээгинде Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттерден келген суучулдарга окуу-тренингин жай айларында уюштурат. Чет элдиктерге көлдүн ондогон метр тереңдигине техникалык иштерди аткаруунун түрлөрүн окутуп, сертифкатын ыйгарып келет. Эл аралык аренада таанылган Суучулдар борбору башка өлкөлөрдүн иш-чараларына активдүү катышып, алдыңкы орундарды багындырышкан. Өлкө аймагындагы ГЭСтерде суу тереңдигинде техникалык жана бийик тоолуу көлдөрдө муз алдында куткаруу сыяктуу татаал жумуштарды ийгиликтүү жүргүзүшкөнү тарых барагында да сакталып калмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС -БОРБОР