Жаңылыктар
16.07.2024 09:30
Кароолор: 196
16-ИЮЛЬ – КЫРГЫЗ ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯ КҮНҮ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “16-июль – Гидрометеорология кызматынын күнүнө” карата куттуктоосун жолдоду.
" УРМАТТУУ ГИДРОМЕТ КЫЗМАТЫНЫН ЭЭЛЕРИ!
16-июль – Гидрометеорология кызматынын күнү менен сиздерди чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз элине кылым карыта кызмат кылып, 98 жылдан бери аба ырайындагы кескин өзгөрүүлөрдү алдын ала божомолдойсуздар. Мөңгү, суу ресурстарына изилдөөлөрдү жүргүзүп келесиздер.
Айлана-чөйрөгө, аба ырайына байкоо жүргүзүүңүздөр 98% дал келет. Ага мисал, өлкөбүздө акыркы айлардагы жаанчыл күндөрдө болгон окуяларды алалы.
Айыл чарбасында, жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүүдө дегеле, бардык тармакта сиздердин божомолду колдонуусу арбын.
Жашообузда табигый кубулуштардын кесепеттерин азайтууда, алдын алууда Кыргыз гидрометеорология кызматынын божомолдоруна таянабыз.
Сиздердин максат – калктын өмүрүнө, өлкө экономикасына аба ырайынын терс таасирин азайтуу, өлкөдө гидрометеорологиялык коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу.
Андыктан бул кызматта министрлик тарабынан заманбап үлгүдөгү метеостанциялардын орнотулушу кыйла жеңилдик берип, изилдөөдө ийгилик жаратууда деп ишенич менен айта алам.
УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕРИМ!
Кыргыз журтчулугунун алдында жоокерчиликтүү озуйпаны, милдетти аткарып, Кыргызгидромет кызматынын ээлерине ийгиликтерди каалайм!
Сиздерге бакубат турмуш каалайм, бар болуңуздар! Жараткан Кыргызстаныбызды күтүүсүз кырсыктардан сактасын!”.
Урматтоо менен,
ӨК министри, генерал-майор Б. Ажикеев