Жаңылыктар
27.08.2024 17:53
Кароолор: 657
14 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ИЗДӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
Бүгүн, 27-август күнү 14 жаштагы баланы издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы, подполковник Э.Жусупов баштаган 13 куткаруучу 2 кайык менен Чоң Чүй каналынан издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, 15 куткаруучунун ичинен 5 суучул-куткаруучу Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Талас облусу боюнча башкармалыгынан келип, жеринде иш алып барууда.
Эске салсак, 23-августта Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Көк-Жар айылынан А.А аттуу 14 жаштагы бала сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган жаранды издөө Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР