Жаңылыктар
26.08.2024 21:24
Кароолор: 569
14 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ИЗДӨӨ ИШТЕРИ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
Бүгүн, 26-август күнү 14 жаштагы баланы издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамынан 54 куткаруучу, ИИМден 30 кызматкер жана туугандары издөө ишине тартылып, кеч киргендигине байланыштуу кечки саат 20:00дө токтотулду.
Издөө иштеринен натыйжа болбогондугуна байланыштуу эртең уланат.
Эскерте кетсек, 23-августта Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Көк-Жар айылынан А.А аттуу 14 жаштагы бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары бүгүнкү күнгө чейин издөө ишин улантууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР