Жаңылыктар

18.10.2024 18:33

   Кароолор: 382

“112 – КЫРГЫЗСТАН” МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИН КОЛДОНУҢУЗ!

Салам достор! Мен азыр сиздерге “112 – Кыргызстан” мобилдик тиркемесин колдонууну көрсөтөм.

- Алгач тиркемени AppStorе жана Google Playден уюлдук телефонуңузга көчүрөсүз;

- Мобилдик тиркемеге кирип телефон номериңизди каттайсыз жана “жөнөтүү” баскычын басасыз;

- Тиркеменин ичиндеги өзгөчө кырдаал жөнүндө кабарлоо баскычын басып, кырсык катталган жерден текст, фото жана видео түрүндө маалыматтарды ыкчам түрдө жибере аласыз;

- Сиз жиберген маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам нөөмөтчүлөрүнө келет жана алар тиешелүү кызматтарды жерине жиберишет;

- Тиркемени кыргыз, орус жана англис тилдеринде колдоно аласыз;

- Ошондой эле сиздер тиркеменин ичинен жаңылыктарды, шашылыш билдирүүлөрдү жана коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтарды алсаңыздар болот.

ӨЗҮҢҮЗДҮ ЖАНА ЖАКЫНДАРЫҢЫЗДЫ САКТАҢЫЗ!!!

 

 

 


 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу